Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:31

Милиция Бишкектеги бир нече мектепте "террордук акт" деген билдирүүнү териштирүүдө


Бишкек шаардык милиция тараткан сүрөт.
Бишкек шаардык милиция тараткан сүрөт.

15-декабрда Бишкек шаардык милициясына борбор калаадагы бир катар билим берүү мекемесинде террордук акт уюштурулары тууралуу Telegram аркылуу билдирүү тарап жатат деген кабар түшкөн. Бул маалымат милициянын каттоосуна алынып, териштирүү иштери башталган.

Ыкчам-тергөө топтору № 24, 44, 15, 10, жана Kings International School мектебине барып, имараттарды эвакуациялады. Жеринле кинологдор иштеп жатат. Милиция кошумча маалымат берилерин кошумчалады.

Соңку жылдары Бишкекте социалдык объектилерге бомба коюлганы тууралуу кабарлоолор көбөйдү. Милиция кызматкерлери териштирүү иштерин жүргүзүп, баарында жалган маалымат экени ырасталган.

2023-жылы 28-июлда УКМК Бишкектеги мектептерге жардыргыч зат коюлганы тууралуу жалган маалымат таратууга шек саналган 9-класстын окуучусун кармаган. Ага чейин Нарын облусунун 22 жаштагы тургуну да ушундай айып менен кармалганын маалымдалган. Ошол жылы 20-майда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту жардыргыч зат тууралуу жалган маалымат берген жаранды алты айга камаган.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG